Колл - борбор: 105

Коррупцияга каршы күрөш – ар бир кызматкердин жоопкерчилиги

10 Июль 2026 ж.

Ысык-Көл электр тармактарында коррупциянын алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда.

Бул багыттагы иштердин алкагында ишкананын директорунун электр энергиясын сатуу боюнча орун басары Айбек Тобокелов Ысык-Көл облусундагы бардык райондук электр тармактарынын (РЭТ) эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрүүдө. 

Жолугушууларда кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, кызматтык милдеттерди ак ниет жана жоопкерчилик менен аткаруу, ошондой эле кардарларга сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Айбек Тобокелов өз сөзүндө мыйзамдуулукту так сактоо, жарандардын кайрылууларына кылдат мамиле кылуу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу ишкананын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.