Колл - борбор: 105

Коррупцияга каршы биргелешкен кадам

30 Январь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча кызматкерлери Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын жамааты менен коррупциянын алдын алуу маселелерине арналган жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестигин баса белгилеп, ар бир кызматкер мыйзамдын чегинде, ак ниет жана жоопкерчиликтүү иш алып барууга милдеттүү экенин белгилешти. Ак ниеттүү жана туура иш — ишенимдин, тартиптин жана туруктуу өнүгүүнүн негизин түзөт.

Өзгөчө көңүл электр энергиясын сатуу тармагына бурулду. Бул багытта иштин ачыктыгын камсыз кылуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана калкка сапаттуу, таза кызмат көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы. Бул коррупциянын алдын алуу иштерин күчөтүүгө, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга жана тармактагы тартипти бекемдөөгө шарт түзөт.

Өткөрүлгөн жолугушуу мыйзамдуулукту сактоого, ак ниет эмгек маданиятын калыптандырууга жана коомчулуктун ишенимин жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.