Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын адистери Тамга көмөк чордонунун жана Тамга жогорку чыңалуу тобунун эмгек жамааты менен биргеликте “Кызматкерлер менен иштөө күнүнө” катышты. Иш-чаранын негизги максаты — эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча билимди жогорулатуу, ошондой эле практикалык көндүмдөрдү чыңдоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө адистер биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуу сабагын өткөрүштү. Теориялык бөлүк практикалык көрсөтмөлөр менен коштолуп, атайын манекендин жардамы аркылуу өзгөчө кырдаалдарда көрсөтүлүүчү негизги жардам ыкмалары көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, кызматкерлерге иш учурунда, айрыкча энергетикалык объекттерде жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында иш алып барууда коопсуздук техникасынын эрежелерин так сактоонун маанилүүлүгү кеңири түшүндүрүлдү. Коопсуздук талаптарын сактоо кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун коргоонун негизги шарты экени баса белгиленди.
Иш-чаранын жыйынтыгында Тамга көмөк чордонунун жана Тамга жогорку чыңалуу тобунун кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча билимдерин текшерип, манекенди жандандыруу боюнча теориялык жана практикалык экзамен тапшырышты. Эми ушуну орусчасын жазып берчи