Колл - борбор: 105, 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жамаатына жаңы директор жана башкы инженер тааныштырылды

9 Июль 2024 ж.

Учурдагы директор Тынаев А.А. ардактуу эс алууга  чыгуусуна байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын буйругу жана ишкананын директорлор кеңешинин макулдашуусу менен Шадыканов Болотбек Искендербекович  «Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын» директору болуп дайындалды. Ал буга чейин башкы инженердин кызматын  аркалап  келген.

Ал эми жаңы башкы инженер болуп көмөк чордон кызматынын жетекчиси Асанакунов Кубат Рыспекович дайындалды.

Ысык-Көл электр тармактарынын жамааты Тынаев Айдарбек  Асановичке энергетика тармагында көп жылдык эмгеги жана жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип,   калоо тилектерин айтып, жакшы узатышты.

Жаңы директорду жана башкы инженерди  жамаатка “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директордун биринчи орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек тааныштырып, иштерине ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалады. Ал  эми жамаатка ишкананын кызыкчылыгы үчүн биримдикте жана ынтымакта иш алып барууну каалап кетти.

Ошондой эле Доктурбай уулу Жолдошбек  Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, күз-кыш айларына сапаттуу жана өз убагында даярдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

_