Колл - борбор: 105, 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жамаатына директордун электр энергиясын сатуу боюнча жаңы орун басары тааныштырылды

3 Апрель 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын буйругу менен Тобокелов Айбек Тобокелович «Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын» директорунун электр энергиясын сатуу боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин башкы инженердин орун басары болуп эмгектенип келген.

Электр энергиясын сатуу боюнча директордун жаңы орун басарын жамаатка “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Дүйшө уулу Уларбек тааныштырып, ишине ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалады.