Колл - борбор: 105, 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жамаатына директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча жаңы орун басары тааныштырылды

27 Август 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын буйругу менен Абдылдаев Нурлан Бекишович «Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын» директорунун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин башкы инженердин орун басарынын кызматын аркалап келген.

Ал эми башкы инженердин орун басары болуп Каракол райондук электр тармактарынын башкы инженери Мукалаев Кубатбек Таабалдиевич дайындалды.

Жаңы жетекчилерди жамаатка Ысык-Көл электр тармактарынын директору Шадыканов Болотбек Искендербекич тааныштырып, иштерине ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалады.