Бүгүн, 2024-жылдын 14-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Ысык-Көл ЭТИнин түзүмдүк бөлүмдөрдүн, РЭТтердин кызматкерлери ишембиликке чыкты.
Ишембиликтин алкагында ишкананын имараттарынын айланасы жана бөлүнүп берилген аймактар иретке келтирилип, таштандылар чыгарылып, санитардык абалды жакшыртуу, тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.