Каракол шаарындагы 110/10 кВ «Күн батыш» көмөк чордонуна кошумча күч трансформаторун орнотуу пландалууда. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан тармакты жаңылоо жана модернизациялоо боюнча берилген тапшырманын алкагында 2026-жылы апрель айында ишке ашырылат.
Модернизациянын алкагында төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
кубаттуулугу 10 МВА болгон экинчи күч трансформаторун орнотуу;
110 кВ элегаз өчүргүчүн монтаждоо;
10 даана вакуумдук өчүргүчтөрү бар 10 кВ КРУН жабдуусун орнотуу.
Учурда көмөк чордондо кубаттуулугу 16 МВА болгон бир күч трансформатор иштеп жатат. Кошумча трансформаторду ишке киргизүү менен жалпы кубаттуулук 26 МВАга жетет.
Акыркы жылдары керектөөчүлөрдүн саны туруктуу өсүүдө. Эгер 2023-жылы бул көмөк чордон аркылуу 4400гө жакын абонент электр энергиясы менен камсыздалса, бүгүнкү күндө алардын саны 4625ке жетти. Керектөөнүн өсүшү энергетикалык инфраструктураны этап-этабы менен кеңейтүүнү талап кылууда.
Кошумча трансформаторду орнотуу:
электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат;
жабдууларга түшкөн жүктү азайтат;
абоненттерди сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт.
Бул долбоор шаардын энергосистемасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана керектөөчүлөрдүн мындан аркы өсүшүн эске алуу менен туруктуу электр камсыздоону камсыз кылууга багытталган.
Аталган иш-чара «КУЭТ» ААК тарабынан өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.
📞 Электр энергиясына байланыштуу суроолор боюнча:
105
📱 +996 772 001209
📱 +996 556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209