Колл - борбор: 105, 1209

Керектелген электр жарыгына өз убагында төлөм жүргүзүүнүн маанилүүлүгү

8 Август 2023 ж.

Урматтуу Ысык-Көл облусунун жашоочулары, жалпы биздин кардарлар!

2023-жылдын 9 августунда Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы дебитордук карызы бар  кардарларды дистанциондук түрдө өчүрөт.

Электр энергиясына убагында акы төлөө  энергетика тармагынын натыйжалуу иштешин камсыз кылат,  жабдууларды жаңыртууга жана модернизациялоого, электр жарыгы  менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Абоненттер төлөмдөрдү “Элкарт”, “МБанк”, “ЭЛСОМ”, “О”, “Balance.kg” электрондук капчыктары, “PAY 24”, “Qwickpay”, “UMAI”, “Onoi”, «TeremPay» терминалдары аркылуу төлөй алышат жана Айыл Банк, “Халык Банк”, «Оптима Банк», «Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» банктарынын кассаларында төлөм жүргузүүгө болот.

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн керектелген электр энергиясы үчүн өз убагында төлөм жүргүзүңүздөр.