Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, “КУЭТ” ААКтын филиалы — Ысык-Көл электр тармактары аймактагы электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүү боюнча масштабдуу жаңылоо иштерин улантууда.
Каракол шаарындагы 110/35/10 кВ “Пржевальская” көмөк чордону учурда эки күчтүк трансформатор менен иштеп жатат.
2025-жылы 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА трансформаторго алмаштырылган.
Ал эми быйыл пландалган иштердин алкагында 25 МВА трансформатор дагы 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторго алмаштырылат. Ошону менен «Пржевальская» көмөк чордонунун кубаттуулугу 15МВА жогорулап, жалпы кубаттуулук 80 МВА түзөт.
Бул жаңылоо иштери натыйжасында:
Көмөк чордонунун жалпы кубаттуулугу өсөт
Электр тармагындагы жүктөм азайтылат
Каракол шаары жана Ак-Суу районунун бир катар айылдары үчүн электр энергиясы туруктуу жана сапаттуу жеткирилет
💡 Учурда “Пржевальская” көмөк чордон аркылуу 14 752 кардар электр энергиясы менен камсыз болууда. Салыштырмалуу, 2023-жылдын ушул мезгилинде 13 759 кардар электр жеткирилген. Акыркы 3 жыл ичинде кардарлардын саны дээрлик 1 000ге көбөйдү, бул электр тармактарын модернизациялоонун зарылдыгын көрсөтөт.
📆 Жаңылоо иштеринин бүткөндүгү: 2026-жылдын аягына чейин
📞 Электр энергиясына байланыштуу суроолор үчүн байланыш: 105
Телефон: +996 772 001209 / +996 556 001209
WhatsApp: +996 702 001209