Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары!
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Дүйнөлүк банк каржылаган «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Каракол шаарында өтө турган коомдук угууга катышууга чакырабыз.
Иш-чара 2025-жылдын 20-июнунда, саат 09:00дө башталат.
Дареги: Каракол шаары, А.Масалиев көчөсү 24, Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын имараты.