Колл - борбор: 105, 1209

Каракол райондук электр тармактары жылдын башынан бери 22 чакырым заманбап СИП зымдарын тартышты

24 Август 2023 ж.

Каракол  райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 51 чакырым электр зымдарын ремонттон өткөрүп,  эскилиги жеткен 128 жыгач мамычаларды  жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырды.

Ошондой эле , 2023-жылдын 7 айында  20 көмөк чордон ремонтон өткөрүлүп, жылдын аягына чейин дагы 12 көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өтөт .

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 43 чакырым  аба  чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды кыюу иштери жүргүзүлдү.

Кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн Каракол шаарынын “Келечек” жаңы конушуна кошумча үч  10,/04кВ көмөк чордон орнотулат.   

Мындан сырткары  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун алкагында 2022-жылы Каракол шаарында 37 чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылса, 2023-жылдын башынан бери 22 чакырым  СИП зымдары тартылды.  Алдыда  Каракол РЭТ боюнча дагы 60 чакырым СИП зымдары тартылат. 

Жогоруда аталган жумуштар күз-кыш айларын ийгиликтүү өтүүгө багытталган. Ар бир үйдө жарык жана жылуулук болсун!