Каракол райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 51 чакырым электр зымдарын ремонттон өткөрүп, эскилиги жеткен 128 жыгач мамычаларды жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырды.
Ошондой эле , 2023-жылдын 7 айында 20 көмөк чордон ремонтон өткөрүлүп, жылдын аягына чейин дагы 12 көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өтөт .
Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 43 чакырым аба чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды кыюу иштери жүргүзүлдү.
Кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн Каракол шаарынын “Келечек” жаңы конушуна кошумча үч 10,/04кВ көмөк чордон орнотулат.
Мындан сырткары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун алкагында 2022-жылы Каракол шаарында 37 чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылса, 2023-жылдын башынан бери 22 чакырым СИП зымдары тартылды. Алдыда Каракол РЭТ боюнча дагы 60 чакырым СИП зымдары тартылат.
Жогоруда аталган жумуштар күз-кыш айларын ийгиликтүү өтүүгө багытталган. Ар бир үйдө жарык жана жылуулук болсун!