Колл - борбор: 105, 1209

Капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча жаңы директордун орун басары дайындалды

5 Июнь 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармагы ​​ишканасынын жамаатына директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча жаңы орун басары тааныштырылды.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын буйругуна ылайык, бул кызматка Ибраев Аслан Мелисбекович дайындалды. Аслан Ибраев буга чейин Бишкек электр тармагына караштуу Түндүк РЭТинде  башкы инженер кызматын аркалап келген.

Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын  жетекчилиги жана жамааты жаңы дайындалган орун басарды куттуктап, ага жаңы кызматында ийгиликтерди жана жогорку кесиптик жетишкендиктерди каалашты.