Колл - борбор: 105, 1209

Электр энергиясын колдонуу Кыргызстандын тарыхында рекорддук чекке жетти

12 Декабрь 2024 ж.

Кыргызстанда 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу бүгүн “Электр станциялар” ААКы маалымдады.

Кыргызстанга суук ноябрь айынан тарта түшүп баштаган. Мындан улам эл электр энергиясын ченемден ашык сарптоого өттү. Алсак, кечээги күнгө алынган маалымат боюнча 3522 МВт электр энергиясы сарпталып, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,738 млн. кВт саатка чейин жеткен. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Буга чейин электр энергиясын колдонуунун акыркы рекорддук көрсөткүчү 2023-жылы 14-декабрда катталган. Анда электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3401 МВт рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Бирок ал учурда абанын температурасы -8…-20 градус болсо, өткөн түндө аба температурасы -5...-14 градусту гана түздү.

Буга байланыштуу Кыргызстандын электр энергиясын керектөөчүлөрүнө электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу, энергияны колдонуунун үнөмдөө режимин сактоо, айрыкча кечки сааттарда пайдаланылбаган электр энергиясын сарптоочу каражаттарды өчүрүү өтүнүчү менен кайрылабыз.