Колл - борбор: 105, 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Ысык-Көл ЭТИ энергетикалык объектилерде суу ташкынына каршы иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда

30 Август 2024 ж.

2024-жылдын башынан бери жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары кызматы  35/110/220/ кВ  9 тирөөчтү коргоо жана бекемдөө иштерин жүргүзүштү. Ушул жылдын сентябрь айында дагы 2 жогорку чыңалуудагы тирөөчтө иштер жүргүзүлөт.

Мындан сырткары Чолпон-Ата 110/10кВ көмөк чордонунда суу ташкынына каршы  иш-чаралар жүргүзүлдү. Көмөк чордондордо суу ташкынына каршы  төмөнкүдөй иштер аткарылат:

- подстанциялардын айланасында дренаждык каналды куруу;

- учурдагы дренаждык жана сел каналдарын тазалоо;

- ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн кабелдик каналдарын тазалоо;

- дренаждык түтүктөрдү жана лотокторду тазалоо.

Ошондой эле тирөөчтөрдү коргоо жана бекемдөө иштерин Тоң жана Каракол райондук электр тармактары аткарды.

Учурда Чолпон-Ата РЭТи Кашат жана Корумду айылдарында селдин кесепетинен  кыйшыйган тирөөчтөрдү түздөө иштерин жүргүзүүдө. Жыл аягына чейин  Ак-Суу РЭТи Теплоключенко айылында суу коркунучунда турган тирөөч жылдырылат.

Суу ташкындарына каршы иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун азайтат жана керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Суу ташкындарына даярдыктар жергиликтүү бийлик менен жана  өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу органдары менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.