Энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди
22 Декабрь 2025 ж.
Энергетиктердин кесиптик майрамынын урматына, КУЭТ ААКнын филиалы — Ысык-Көл электр тармактар ишканасында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Керимов Насипбек катышып, энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан ардактуу кызматкерлерге Ардак грамоталарды салтанаттуу түрдө тапшырды.
Бул өзгөчө күн — энергетика тармагынын ар бир кызматкеринин талыкпас эмгегин, чынчыл жана жоопкерчиликтүү ишин урматтоо, баалоо күнү. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, күнү-түнү үзгүлтүксүз аткарган жумушуңуздар ар бир үйгө жарык, жылуулук алып келет.
Сиздерге берилген Ардак грамоталар — эмгегиңиздердин таанылганынын, коомго кошкон салымыңыздардын айкын белгиси.
КУЭТ ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы бардык энергетиктерди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Бул күн сиздердин жашооңуздардагы эң жарык, эң жылуу күн болсун! Энергетик катары түн ортосунда күн, кыштын ортосунда жылуулук тартуулоо — тагдырдан берилген чоң сыймык. Ар дайым эмгегиңиздер жогору бааланып, тилектериңиздер жарыктын ылдамдыгы менен орундалып, жүрөгүңүздөр жылуулукка толсун.
Сиздерге бекем ден соолук, бакыт, үй-бүлөлүк ынтымак жана чексиз ийгилик каалайбыз.
Майрамыңыздар менен!