Колл - борбор: 105

Энергетиктер UIM F1H2O «Кыргызстандын Гран-приси» дүйнөлүк чемпионатын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздашты

3 Август 2026 ж.

Ысык-Көлдө өткөн UIM F1H2O «Кыргызстандын Гран-приси» дүйнөлүк чемпионаты ийгиликтүү жыйынтыкталды. Эл аралык спорттук иш-чаранын бардык күндөрүндө «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасы мелдеш өтүп жаткан объектилерди ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздады.

Чемпионат өткөрүлгөн мезгилде энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, электр тармактарынын жана энергообъекттердин туруктуу иштешин камсыздашты. Адистер күнү-түнү нөөмөттө болуп, электр менен камсыздоо системасына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүштү.

Жүргүзүлгөн даярдыктын жана энергетиктердин ыкчам ишинин натыйжасында чемпионат учурунда электр менен камсыздоодо үзгүлтүккө жол берилген жок. Бардык объектилер туруктуу электр энергиясы менен камсыздалып, эл аралык спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы мындай ири эл аралык иш-чараларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо мындан ары да ишкананын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берерин белгилейт.