Колл - борбор: 105

Энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

21 Январь 2026 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы- Ысык-Көл электр тармактарынын кызматкерлери керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Учурда облус боюнча кырдаал стабилдүү, өчкөн тарамдар жок.

 Эгер авариялык өчүрүү орун алса же электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болгон болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү Чалуу-борборуна 105 номерине, ошондой эле мобилдик операторлордун +996 772 001209, +996 556 001209 номерлерине кайрылсаңыз болот, же WhatsApp +996 702 001209 номерине жазып, маалымат алсаңыз болот.

Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет, электр энергиясын керектөөнүн ашыкча өсүшү электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө алып келиши мүмкүн. Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз.

Электр энергияны үнөмдөө — бул ыңгайлуулуктан баш тартуу эмес, электр энергиясын акыл-эстүү жана жоопкерчиликтүү пайдалануу. Бош турган бөлмөлөрдө жарыкты өчүрүү, энергияны үнөмдөгөн лампаларды жана тиричилик техникаларын колдонуу сыяктуу жөнөкөй аракеттер электр тармактарына болгон жүктөмдү кыйла азайтып, үй-бүлөлүк бюджеттин чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет.