“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнун филилалы- Ысык-Көл электр тармактарынын кызматкерлери керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында штаттык режимде иш алып барууда. Учурда облус боюнча кырдаал стабилдүү, өчкөн тарамдар жок.
Эгер авариялык өчүрүү орун алса же электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болгон болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү Чалуу-борборуна 1209, 105 номерлерине, ошондой эле мобилдик операторлордун 0772 001209, 0702 001209 номерлерине кайрылсаңыз болот, же WhatsApp 0556 001209 номерине жазып, маалымат алсаңыз болот.
Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет, электр энергиясын керектөөнүн ашыкча өсүшү электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө алып келиши мүмкүн. Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз.
Авариялык кырдаалды алдын-алуу максатында эртең менен 7:00 дон 9:00 чейин, кечкисин 18:00 дон 21:00 чейин үйдү жылытуучу электр жабдыктарын өчүрүүнү суранат.
Ашыкча, пайдасы тийбеген учурда электр лампаларын, электр приборлорун өчүрүп турууңуздарды өтүнөбүз.
Үйдү жылытууда электр энергиясын колдонбостон, жылытуунун башка альтернативдик булактарын пайдаланууну сунуштайбыз.