28-апрелде Дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленет — бул күн кызматкерлердин коопсуздугун жана ден соолугун сактоонун маанилүүлүгүн эске салат.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Ысык-Көл электр тармактар ишканасында эмгекти коргоо башкы артыкчылыктардын бири болуп саналат. Энергетиктердин иши кооптуу болгондуктан, коопсуздук эрежелерин так сактоо абдан маанилүү.
Ишканада кызматкерлер үчүн үзгүлтүксүз нускамалар өткөрүлүп, окутуулар уюштурулат. Ошондой эле алар жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалып, коопсуздук талаптары дайыма көзөмөлдөнөт.
Өткөрүлгөн иш-чаралар өндүрүштүк жаракат алууну алдын алууга жана коопсуздук маданиятын жогорулатууга багытталган.
Коопсуздук — ар бир кызматкердин жоопкерчилиги. Эрежелерди сактоо өмүрдү жана ден соолукту сактайт.