Колл - борбор: 105, 1209

Электр орнотмолоруна жакын жердеги бардык иштер этияттыкты талап кылат

26 Июнь 2025 ж.

Электр энергиясы — көзгө көрүнбөгөн, бирок өлүмгө алып келүүчү коркунучту күч.

Электр орнотмолоруна жакын жердеги бардык иштер этияттыкты талап кылат. Эгер курулуш, жер казуу, техника колдонуу же башка иштер —электр жабдууларына жакын аймакта жүргүзүлсө, анда алар макулдашылып жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүргүзүлүшү зарыл.

Макулдашылбаган иштерден улам ондогон авариялар, жабдуулардын бузулушу, жарыктын өчүшү жана, тилекке каршы, адам өмүрү кыйылган учурлар болот.

Бул видеодо:

— Эмне үчүн мындай иштер кооптуу

— Эмне кылуу керек

— Макулдашуунун тартиби

— Электр орнотмолорунан канча аралыкты сактоо керек.

 Адамдын өмүрү жана коопсуздугу — өтө маанилүү.

 Ишти баштаардан мурун — «КУЭТ» менен макулдашыңыз!