Колл - борбор: 105, 1209

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн 342 чакырым аба чубалгылары бак дарактардан тазаланды

20 Август 2024 ж.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана күз-кыш айларына даярдануу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы «Ысык-Көл электр тармактарынын кызматкерлери электр зымдарын бак-дарактардын бутактарынан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

2024-жылдын башынан бери  Ысык-Көл облусундагы  райондук электр тармактар 342 чакырым аба чубалгыларын бак-дарактардын бутактарынан тазалады. Жалпы 2024 жылга 570 чакырым пландалган, жылдын аягына чейин дагы 228 чакырым электр зымдары  бак-дарактардан тазаланат.

Бак-дарактардын бутактары көбүнчө катуу шамал жана ным кар сыяктуу табигый кырсыктар учурунда аба чубалгыларына кулап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратат.

Өсүп кеткен бутактарды кыркуу аба ырайынын ынгайсыз шарттарында электр зымдарынын үзүлүшүн жана авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алат.

Электр зымдарын тазалоо жыл бою жүргүзүлөт. Энергетиктердин бригадаларынын ар бирине тиешелүү тейлөө аймагы бөлүнгөн. Атайын техника тартылып, бийикте иштөө

үчүн көтөрүүчү механизмдер, керектүү приборлор жана шаймандар колдонулат.

 Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209