Колл - борбор: 105, 1209

Электр зымдарын бак-дарактардан тазалоо авариялык өчүрүүлөрдү төмөндөтөт

11 Май 2024 ж.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана күз-кыш айларына даярдануу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКнын филиалы -Ысык-Көл электр тармактарынын кызматкерлери электр зымдарын бак-дарактардын бутактарынан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бак-дарактардын бутактары көбүнчө катуу шамал жана ным кар сыяктуу табигый кырсыктар учурунда аба чубалгыларына  кулап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратат.

Өсүп кеткен бутактарды кыркуу аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында электр зымдарынын үзүлүшүн жана авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алат.

Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылы   748 чакырым  аба  чубалгылары бак-дарактардын бутактарынан  тазалоо пландалган. Анын ичинен 0,4 кВ-298, 10кВ-270кВ, 35кВ-30, 110кВ-120, 220кВ-30 чакырым тазаланат.

Электр зымдарын  тазалоо жыл бою жүргүзүлөт. Энергетиктердин бригадаларынын ар бирине  тиешелүү  тейлөө  аймагы  бөлүнгөн. Атайын техника тартылып, бийикте иштөө үчүн көтөрүүчү механизмдер, керектүү приборлор жана шаймандар колдонулат.