Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн 720 чакырым аба чубалгылары бак-дарактардан тазаланат
10 Февраль 2025 ж.
Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана күз-кыш айларына даярдануу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы -Ысык-Көл электр тармактарынын кызматкерлери электр зымдарын бак-дарактардын бутактарынан тазалоо иштерин жыл бою жүргүзөт.
2025-жылга Ысык-Көл облусу боюнча 720 чакырым аба чубалгыларын бак-дарактардын бутактарынан тазалоо пландалды. Бак-дарактардын бутактары көбүнчө катуу шамал жана ным кар сыяктуу табигый кырсыктар учурунда аба чубалгыларына кулап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратат. Өсүп кеткен бутактарды кыркуу аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында электр зымдарынын үзүлүшүн жана авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алат.
Электр зымдарын тазалоо жыл бою жүргүзүлөт. Энергетиктердин бригадаларынын ар бирине тиешелүү тейлөө аймагы бөлүнгөн. Атайын техника тартылып, бийикте иштөө үчүн көтөрүүчү механизмдер, керектүү приборлор жана шаймандар колдонулат.