Колл - борбор: 105

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — энергетиктердин ишенимдүү колдоосунда!

1 Сентябрь 2026 ж.

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын объектилерин электр энергиясы менен камсыздоо штаттык режимде жүрүүдө. Электр тармактары туруктуу иштеп, оюндардын өтүп жаткан объектилеринде үзгүлтүксүз электр энергиясы камсыздалууда.

Ар бир мелдештин, ар бир аянтчанын артында энергетиктердин чоң эмгеги турат. Адистер электр тармактарынын абалын күнү-түнү көзөмөлдөп, маанилүү объектилерде кошумча нөөмөт уюштурулган. Керектүү учурда ыкчам чара көрүү үчүн резервдик электр булактары жана авариялык бригадалар даяр турат.

Бүгүн миңдеген катышуучулар жана коноктор мелдештерди тынч көрүп, улуу оюндардын шаңын сезип жатышат. Ал эми энергетиктер болсо өз милдетин так аткарып, ишенимдүү электр менен камсыздоону улантууда.

Энергетиктер ишенимдүү электр менен камсыздоо үчүн күнү-түнү кызматта.