Колл - борбор: 105, 1209

Балдар эмнени эстен чыгарбашы керек?

17 Май 2024 ж.

Коопсуздук ар бир адамдын милдети! Алдыда окуучулар күткөн каникул келе жатат, ошол себептен ата-энелерди жана мугалимдерди  балдарга электр коркунучунан кантип сактануу керектигин,  төмөндөгү  эрежелерге олуттуу мамиле жасап, алардын аткарышынын маанилүүлүгүн түшүнүүдүрүүгө чакырабыз.

Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКнын филиалы - Ысык -Көл электр тармактары ишканасынын кызматкерлери балдардын электр жаракатын алдын алуу максатында Каракол шаарынын мектептеринин башталгыч класстарына сабак өттү.

Балдар эмнени эстен чыгарбашы керек?

Электр орнотуулар(көмөкчордондор, электрмамычалар, электр зымдар) оюн аянтчасы эмес.

Трансформатордук көмөкчордондорго кирүүгө, электр приборлорунун эшигин ачууга болбойт.

Мамычаларга чыгуу жана электр чубалгыларынын астында ойноого тыйуу салынат.

Электр зымдарга бир нерсе ыргытуу, электр зымдарынын жанында балык улоого болбойт.

Асылып же жерде жаткан үзүлгөн электр зымына 8-10 метрден жакын аралыкта жакындаганга уруксаат берилбейт.

Чоңдордун уруксатысыз электр приборлорун колдонууга уруксаат болбойт.

Бузулган электр приборлорун колдонууга тыйуу салынат.

Электр приборлорунун зымдарын нымдуу колдор менен кармоого болбойт.

Ар бир баланын өз коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин баса белгилеңиздер.