Колл - борбор: 105, 1209

Чолпон-Ата РЭТи «КУЭТ» ААКнын филиалы - Ысык-Көл ЭТИнин райондук электр тармактарынын мыкты бригадасы деп табылды

15 Июнь 2024 ж.

2024-жылдын 12-июнунан 15-июнуна чейинки мезгилде. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасында райондук электр тармактарынын эксплуатациялоочу жана оңдоочу персоналынын командаларынын арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, сынактын жүрүшүндө ар бир команда 3 түрдөгү практикалык тапшырмаларды жана коопсуздук чараларын жана эксплуатациялоо эрежелерин билүү боюнча бир теориялык экзаменди аткарышы керек болчу.
Практикалык милдеттерге жабырлануучуну (салмагы 70 кг болгон манекенди) электр тогунун таасиринен бошотуу жана жабырлануучуга реанимация жүргүзүү менен биринчи жардам көрсөтүү; бузулган электр жабдууларын алмаштыруу, СИП зымдарын тартуу кирген.
Жеңүүчүлөрдү аныктоонун критерийлери болуп катышуучулардын аракеттеринин коопсуздук эрежелерине шайкештиги жана, албетте, ылдамдык эсептелген.
Учурдагы мелдеште байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү.
Алдыга Чолпон-Ата РЭТтин тобригадасы чыгып, 1 орунга ээ болду.
Экинчи орун болсо Каракол РЭТ командасына ыйгарылды.
Ал эми үчүнчү орунга Түп РЭТинин командасы татыктуу болду.
Мелдештин мыкты катышуучуларына ишкананын профсоюздук комитети акчалай сыйлыктарды тапшырды.
2024-жылдын мыкты устат Тоң РЭТинен Ниязбаев Казыбек болду.
Калыстар тарабынан Жети-Өгүз РЭТинен Дуйшеке уулу Нурдин жумушту мыкты аткаруучу-электромонтер.
Балыкчы РЭТтен Таштанбек уулу Жолдош мыкты электромонтер деп таанылды.
Бул иш-чара оңдоо иштеринин сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын текшерүү, ошондой эле 0,4-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп келет.