Колл - борбор: 105, 1209

🔰Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын 2023-жылы аткарган иштери

16 Январь 2024 ж.

Чолпон-Ата   райондук электр тармактары күз-кыш айларына   даярдануу иштеринин жана алкагында 2023-жылы 46 даана трансформаторду жана 41    чакырым электр зымдарын каптиталдык ремонттон  өткөрдү.

Кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн Бостери, Чоң Өрүктү, Өрнөк айылдарына  кошумча үч  10,/04кВ көмөк чордон орнотулду. Чырпыкты айылында 6800 метр 10 кВ электр зымдары курулду. 

Ошондой эле  Бостери  400 кВА трансформатор  630 кВА трансформаторго жана Чолпон-Ата шаарында 250 кВА  трансформатор  400 кВА трансфорамторго алмаштырылып, кубаттуулуктары   жогорулатылды.

Мындан сырткары  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун алкагында 2023-жылы Чолпон-Ата  шаарында 55 чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылды.  Эскерте кетсек, 2022-жылы 23 чакырым  СИП зымдары курулган. 

Ошону менен бирге эскилиги жеткен  173  жыгач мамычаларды  жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырды.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу   103 чакырым  аба  чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды кыюу иштери жүргүзүлдү.

Жогоруда аталган жумуштар кардарларды үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергия менен камсыздоого  багытталган. Ар бир үйдө жарык жана жылуулук болсун!