Колл - борбор: 105, 1209

Чолпон-Ата райондук электр тармактарында күз-кыш айларына даярдануу иштери кызуу жүрүүдө

9 Август 2023 ж.

Чолпон-Ата райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 156 чакырым электр зымдарын ремонттон өткөрүп,  эскилиги жеткен 80 жыгач мамычаларды  жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырды.

Мындан сырткары 9,7 чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылды. Жалпы Чолпон-Ата РЭТ боюнча дагы 67,2 чакырым СИП зымдары тартылат.

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 45 км аба  чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды кыюу иштери жүргүзүлдү.

Кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү үчүн   Бостери айылында 400 кВа трансформатор  630 кВА трансформаторго алмаштырылып, кубаттуулугу  жогорулатылды.

Ошондой эле жыл аягына чейин Өрнөк,Кожояр жана Чоң-Өрүктү айылдарына  кошумча үч  10,/04кВ көмөк чордон орнотулат.  

Чолпон-Ата РЭТи 25679 кардарды электр жарыгы менен касыз кылат.  Тейлөө аймагында  1595 чакырым электр зымдары жана 723 көмөк чордондор бар.