Колл - борбор: 105, 1209

Балыкчы РЭТи 10 чакырымдан ашык СИП зымдарын орнотот

31 Май 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын Балыкчы РЭТинин кызматкерлери Тоң районунун Ак-Өлөң айылында эскирген электр зымадарын реконструкциялоо иштерин башташты. Реконструкциянын алкагында авариялык абалдагы жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашып, эскирген алюминий зымдары заманбап СИП зымдарына алмашууда.  Жалпы Ак-Өлөң айылы боюнча 42 даана темир бетон орнотулуп, 2,5 чакырым СИП зымдары тартылат. Балыкчы РЭТинин кызмтакерлери бул иштерди 1 жуманын ичинде аяктоону белгилешти.

Ошону менен бирге Балыкчы райондук электр тармактары тарабынан күз-кыш айларына даярдануу иштеринин  негизинде 2024-жылы 36 көмөк чордон жана 28 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Мындан сырткары кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыздоо максатында РЭТ боюнча 10 чакырымдан ашык СИП зымдары тартылып,  124 эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылат.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында 6,5 чакырым электр зымдары бак-дарактардын бутактарынан тазаланат. Бак-дарактардын бутактары көбүнчө катуу шамал жана ным кар сыяктуу табигый кырсыктар учурунда аба чубалгыларына кулап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратат. Өсүп кеткен бутактарды кыркуу аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында электр зымдарынын үзүлүшүн жана авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алат.

Ошондой эле берилген электр жарыгынын сапатын жогорулатуу үчүн Балыкчы РЭТи  Таш-Сарай айылына кубаттуулугу 160кВА көмөк чордон  орнотот.

Жогорудагы иштердин бардыгы берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатууга жана күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга мүмкүндүк берет.