Колл - борбор: 105, 1209

Автопаркты жаңылоо: РЭТ үчүн жаңы атайын унаалар

9 Июль 2025 ж.

Бүгүн, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филилалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын директору Шадыканов Б.И. Чолпон-Ата РЭТине жаңы ХОВО телескопунун, ал эми Каракол РЭТине экскаватордун ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Жаңы техникалар электр тармагындагы кызматкерлердин ишин жеңилдетип, калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого чоң салым кошот. Мындан сырткары, техникалар тейлөөнүн сапатын жогорулатып, күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярданууга өбөлгө түзөт. Бул энергетикалык коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл электр тармактарынын автопаркында колдонулуп жаткан техниканын 60% эскилиги жеткен. Бирок акыркы жылдары жаңы унаалар алынууда жана техникалык базаны жаңылоо иштери активдүү жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында акыркы үч жылда энергетика тармагында олуттуу жаңылануулар болуп өттү. Анын бири – атайын техникалар менен камсыздоо иштеринин кеңири жүрүшү.