Кыргыз Республикасынын энергетика министрилигинин тапшырмасынын негизинде «Улуттук электр тармактары» ААКсынын филиалы — Ысык-Көл электр тармагы ишканасы Жыргалан өрөөнүндө жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластери үчүн электр менен жабдуу боюнча кеңири көлөмдөгү курулуш-монтаждоо иштерин улантууда.
Азыркы учурда долбоордун алкагында узундугу 12,8 чакырым болгон кабелдик линиянын тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү максатында Чүй, Бишкек жана Нарын электр тармактары ишканаларынан , ошондой эле Ысык-Көл облусундагы райондук электр тармактарынан бригадалар тартылып, Ак-Суу РЭТине жардам көрсөтүүдө.
Бардык курулуш-монтаждоо иштери күчөтүлгөн тартипте, техникалык талаптар жана коопсуздук эрежелери сакталган шартта жүргүзүлүүдө.
Курулушту ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо максатында буга чейин кубаттуулугу 2,5 МВА болгон 35/10 кВ “Үч чокулар” подстанциясы курулган.
Мындан тышкары, асма жолдордун курулушун туруктуу жана сапаттуу энергия менен камсыздоо үчүн кубаттуулугу 1000 кВА болгон 2 даана 10/0,4 кВ көмөк чордон орнотулуп, жакын арада дагы эки даана ушундай кубаттагы көмөк чордон орнотулмакчы. Ошондой эле долбоордун алкагында узундугу 6 чакырым болгон 35 кВ аба чубалгысы кабелдик чубалгыга алмаштырылат. Учурда кабелдик чубалгы төшөлө турган участоктор аныкталып, макулдашылды.
Бул иш-чаралардын ишке ашырылышы “Ала-Тоо Резорт” комплекси курулушун ишенимдүү жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Ал эми 2026-жылы «Ала-Тоо резорт»тоо лыжа комплексин ишенимдүү электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн 35 кВ Жыргалаң эки чынжырлуу аба чубалгысы 110 кВ кубаттуулукка өткөрүү, 35 кВ Теплоключенко, Нововознесеновка жана Жыргалаң подстанциялары 110 кВ кубаттуулукка көтөрүү долбоору каралууда.
Бул болсо туристтик комплексти жана региондогу башка керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.