Колл - борбор: 105, 1209

«Ала-Тоо Резорт» лыжа комплексинин курулушун электрификациялоо иштери улантылууда

30 Сентябрь 2025 ж.

«КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тмрмагы ишканасы «Ала-Тоо Резорт» лыжа комплексинин курулушун электр энергиясы менен камсыздоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат.

Учурда Жыргалан өрөөнүндө 12,8 чакырым кабель зымдарын  тартуу боюнча иштер жүрүүдө.

Буга чейин  комплекстин курулушун  электр энергия менен камсыз кылуу максатында кубаттуулугу  2,5 МВА 35/10 кВ “Уч чоку”көмөк чордону  курулган.

Мындан тышкары асма жолдордун  курулушун сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуулугу 1000 кВА болгон 10/0,4 көмөк чордон  орнотулган, жакынкы мезгилде дагы ушундай үч даана көмөк чордон орнотулмакчы.

Ошондой эле долбоордун алкагында узундугу 6 чакырым  болгон 35 кВ аба чубалгысы кабелдик зымга  алмаштырылат. Учурда кабелдик чубалгынын төшөө үчүн керектүү тилкелер аныкталып, макулдашылып бүттү.

Бул иштердин аткарылышы «Ала-Тоо Резорт» комплексинин курулушун  туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен  камсыз кылууга өбөлгө түзөт.