Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Суу районунда 208 эски, авариялык абалдагы жыгач мамылар, жаңы темир бетон мамыларга алмашылды

25 Сентябрь 2023 ж.

Ак-Суу районунда 208 эски, авариялык абалдагы жыгач мамылар, жаңы темир бетон мамыларга алмашылды.

Ак-Суу райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 111,2 чакырым электр зымдарын жана 27даана трансформаторлорун ремонттон өткөрүп, эскилиги жеткен 10кВ 58даана, 0.4кВ чыңалуудагы 150 даана жыгач мамыларды жаңы темир бетон мамыларга алмаштырды.

Мындан сырткары 5,8чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылды. Жалпы Ак-Суу РЭТ боюнча дагы 24,2чакырым СИП зымдары тартылат.

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 37 км аба чубалгыларынын трассасын бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү үчүн Тегизчил жана Теплоключенка айылында 160 кВА эки трансформатор 250 кВА трансформаторго алмаштырылып, кубаттуулугу жогорулатылды.

Ошондой эле учурда капиталдык курулуштун негизинде Кайырма-Арык айылында кошумча 160кВА көмөк чордону орнотулууда.

Ак-Суу РЭТи 11739 кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат. Тейлөө аймагында ВЛ-10КВ 374,5 ВЛ-0,4КВ 452 чакырым электр зымдары жана 375 көмөк чордондор бар.