Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында «КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Ак-Суу РЭТинде жаңылануу жана күз-кыш мезгилине даярдык иштери бекитилген планга ылайык өз убагында жүрүп жатат.
2025-жылдын башынан бери район аймагында жалпы 4 250 даана акылдуу эсептегич орнотулду, жалпы бул жылга 10800 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган, калган бөлүгү октябрь айына чейин толук орнотулуп бүтөт.
Мындан тышкары, район боюнча 175 чакырым электр зымдары жана 49 көмөк чордону техникалык тейлөөдөн өтүп, 14 көмөк чордону капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Жаңы инфраструктураларды түзүү боюнча дагы бир катар иштер аткарылууда: 2025-жыл ичинде 4 жаңы көмөк чордону орнотуу каралган. Учурда алардын экөөсү — Жергез жана Жыргалан айылдарында — ийгиликтүү орнотулуп, ишке берилди. Ошондой эле 3 көмөк чордондо кубаттуулукту жогорулатуу иштери жүргүзүлүп, алар ноябрь айына чейин аяктайт.
Заманбап электр зымдарын тартуу боюнча да иштер жүрүүдө: 10,8 чакырым 0,4 кВ СИП зымдарын орнотуу жана 16,2 чакырым 10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо ушул жылдын октябрь айында жыйынтыкталат.
Ошондой эле район боюнча 2025-жылдын алты айында 89 эскирген жыгач мамылар, жаңы темир бетон мамыларга алмашылды. Алдыда дагы 139 темир бетон мамыларды орнотуу күтүлүүдө.
Авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу максатында 2025-жылдын 6 айында 108 чакырым электр зымдары бак-дарактардын бутактарынан тазаланды.
Энергетиктердин техникалык иштери жүрүп жаткан аймактарда убактылуу электр энергиясын өчүрүү мүмкүн экенин эскертебиз. Маалыматтар Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын расмий сайтына жана “Мой свет” мобилдик тиркемесине үзгүлтүксүз жайгаштырылып турат.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштеген төмөнкү байланыш номерлерине кайрылсаңыз болот: 105, 1209, 0772 001 209, 0702 001 209, 0556 001 209.