Колл - борбор: 105

Ак калпак күнү менен куттуктайбыз!

5 Март 2026 ж.

5-март — улуттук сыймыгыбызды даңазалаган, ата-бабалардан мурас болуп калган ак калпактын баркын көтөргөн өзгөчө күн.

Ак калпак — бул жөн гана баш кийим эмес. Ал элибиздин тарыхын, маданиятын, нарк-насилин жана улуулугун чагылдырган ыйык символ. Ак калпак кыргыз элинин ак ниетин, бийик рухун жана тазалыгын даңазалап келет.

Ушул маанилүү майрамга карата ишканабыздын жалпы жамааты кыргыз элин Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Улуттук баалуулуктарыбыз ар дайым урматталып, муундан-муунга татыктуу жеткирилип турсун. Ар бир үйдө ынтымак, береке жана тынчтык болсун!

Улуттук сыймыгыбыз болгон ак калпагыбыздын кадыры ар дайым бийик болсун!