Колл - борбор: 105

2025-жылы Ысык-Көл облусунда 45396 кардарга акылдуу эсептегич орнотулду

16 Январь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында 2025-жылы Ысык-Көл облусунда электр энергиясын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жеткирүү багытында жана электр тармагын санариптештирүү иштеринин алкагында 45396 даана акылдуу эсептегич орнотулду.

Бүгүнкү күндө облус боюнча 123 026 жеке кардардын ичинен 94 299 кардар, башкача айтканда 75,8 пайызы акылдуу эсептегичтер менен камсыз болгон.

Мындан тышкары 90 чакырым 10/0,4 кВ эски алюминий зымдары жаңы, коопсуз жана ишенимдүүлүгү жогору СИП зымдарына алмаштырылды.

1300 даана эскирген жыгач мамылар, темир-бетон мамыларга алмаштырылды.

 18 даана 10/0.4 кВ көмөк чордон орнотулуп, аймактын бир катар айыл-кыштактары туруктуу электр менен камсыз болууда.

 Ошондой эле, 23 күч трансформаторлорунда кубаттуулукту жогорулатуу иштери жүргүзүлдү.

  Анын катарында кардарларга туруктуу жана сапаттуу электр энергиясын берүү максатында Ысык-Көл облусунда 7 даана жаңы заманбап реклоузерлер орнотулду. Реклоузер– бул 6–10кВ чейинки бөлүштүрүүчү электр тармактарында колдонулуучу заманбап автоматтык өчүргүч. Ал аба чубалгыларын авариялык токтордон коргойт жана убактылуу бузулуулар болгондо электр энергиясын өз алдынча калыбына келтирет.

 Жыргалан өрөөнүндө 35/10 кВ “Үч чоку” жаңыкөмөк чордонунун курулушу ийгиликтүү аяктап, ишке берилди. Бул аймакта 12.8 чакырым жаңы кабелдик зымдар тартылып, 4 даана 10 кВ көмөк чордондору орнотулду.

Ысык-Көл облусундагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56.5 МВАга жогорулатылып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгү өстү. Тактап айтканда, «Пржевальск» көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылды. «Восточный» көмөк чордонунда 16 МВА трансформатор 25 МВА га алмаштырылды. «Покровка» көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВА га алмаштырылды. «Жети-Өгүз» көмөк чордонунда 10 МВА трансформаторлор 16 МВА трансформаторлоруна алмаштырылды. Ушундай эле иштер“Южная-1”, “Саруу”, «Барскоон», “Кең-Суу” , «Улахол» көмөк чордондорунда аткарылды.

 Мындан тышкары, коопсуздук жана заманбап стандарттарды камсыздоо максатында «Ачикеев», «Кең-Суу», «Маяк», «Бошарино», «Энилчек» көмөк чордондорунда 1989-жылы орнотулган эски май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Жаңы жабдуулар авариялык абалдарды алдын алып, электр чынжырларын жүк астында автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ.

Бул иштер аймактын энергетикалык инфраструктурасын сапаттуу деңгээлге көтөрүп, калк менен ишканаларга электр энергиясын туруктуу жана коопсуз жеткирүүгө өбөлгө түзөт.