Колл - борбор: 105

110кВ Тамга–Пржевальск аба чубалгысында реконструкция иштери башталды

26 Май 2026 ж.

Ысык-Көл облусундагы негизги электр берүүчү линиялардын бири болгон 110кВ Тамга–Пржевальск аба чубалгысын реконструкциялоо иштери башталды. Долбоор этап-этабы менен ишке ашырылат.

 1-этап: Покровка–Барскоон тилкеси

Узундугу – 40,3 чакырым.

План боюнча курулуш-монтаждоо иштери 70 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

 2-этап: Барскоон–Тамга тилкеси

Узундугу – 6,2 чакырым.

Иштер 2026-жылдын октябрь айында башталат.

 3-этап: Покровка–Каракол тилкеси

Узундугу – 34,5 чакырым.

Долбоорду ишке ашыруу 2027-жылга пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган электр чубалгысы 1967-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе ашык өтөп келген. Бул линия Каракол шаарын, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун  электр энергиясы менен камсыздайт.

Акыркы жылдары калктын санынын өсүшү, жаңы өндүрүш объектилеринин, завод-фабрикалардын курулушу жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын көбөйүшү линияга чоң күч келтирүүдө. Айрыкча кыш мезгилинде жогорку жүктөм маалында аба чубалгы жүктөмдү көтөрө албай, айрым учурларда убактылуу жөнгө салуу иш чаралары жүргүзүүгө туура  келген.

Бул реконструкциялык долбоор толугу менен аяктагандан кийин жогоруда аталган аймактар сапаттуу, туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз болот.

️ Айта кетчү нерсе, реконструкция иштерин жүргүзүү учурунда айрым аймактарда убактылуу  чыңалуу деңгээлинин өзгөрүшү   мүмкүн. Урматтуу кардарлар, жүргүзүлүп жаткан иштерди туура түшүнүү менен кабыл алышынарды  суранабыз. Бул иштер келечекте электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот:

📞 105  (чалуу акысыз)

📞 +996 772 001209, 0556 001209 

📲 WhatsApp: +996 702 001209